Нарындын алыскы жайлоолоруна жааган кардан улам жабыркаган малчылардын абалы айтылды

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүндө учурда абал туруктуу. Кечээ, 2-июнда ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучулары чөп жүктөй барып, малчылардан кайрадан кабар алышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1500дөй кою менен жайлоого эрте чыккан чабан аба ырайы катаалдагандыктан, малы менен ылдый түшкөн.
"Арпада кардын калыңдыгы 20-25, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр. Абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга тоют жеткирилип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатышат",- деп айтылат маалыматта.
Жайлоодогу малдарга тоют жеткирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан