
Бишкекте эки жол кесилиши реабилитация үчүн жабылат. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда мэрия билдирди.
Маалымдалгандай, 3-июндан 10-июнга чейин жолдорду реабилитациялоонун алкагында Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Белгиленгендей, Матросов көчөсү айланма жол катары ачылат.