Президенттин администрациясында кечээ, 2-июнда министрлер кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган органдын сайтында жарыяланды.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Андан соң Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Өз ишине берилгендик жана жоопкерчилик менен ийгиликтерге жетишкен ар кыл кесиптердин жана тармактардын өкүлдөрү белгиленди.
"Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар - мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.