Японияда жумуш ордундагы аптап үчүн компанияларга айып пул салынат

Японияда жумуш ордундагы аптап үчүн иш берүүчүлөргө ири айып пул салынат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Японияда жаңы эмгек коопсуздугу эрежелери күчүнө кирди. Эми 1-июндан баштап жумуш ордундагы абдан жогорку температура шарттарына жол берген иш берүүчүлөргө 500 миң иенге чейин (орточо 3475 доллар) айып пул салынат.

Бул демилге акыркы мезгилде өндүрүш тармагында жана курулушта жогорку аба температурасынан ден соолугу начарлагандардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы жумуш ордундагы катуу ысыктан 30 адам каза болуп, 1200гө жакын кызматкер жаракат алган. Эң көп жабыр тарткандар — курулуш жана өндүрүш тармагындагы жумушчулар.

Иш берүүчүлөр жаңы талаптарга ар кандай ыкмалар менен даярданып жатышат. Айрым ишканалар кызматкерлерге желдеткичтери бар атайын муздатуучу жилеттерди берүүнү пландап жатышса, айрымдары абанын күндүзгү температурасына жараша жумуш графигин өзгөртүп, ысык убакта иштөө убактысын кыскартууну карашууда.

Мындай чаралар жумушчулардын ден соолугун сактоо жана жыл сайын кайталанган күн өтмөлөрдү алдын алуу максатын көздөп жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан