Кечээ, 2-июнда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму өттү. Анда негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөрү пландалып жатканы айтылды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйынга уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, тармактык министрлик жана мекемелердин жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада оюндарды өткөрүүнүн так күнүн аныктоо, жайгашкан жерлерди тандоо, ошондой эле маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары, инфраструктуралык даярдык, транспорттук логистика, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо, маалыматтык коштоо, эл аралык кызматташуу жана ыктыярчыларды тартуу маселелери каралды.
"Отурумдун алкагында тийиштүү мамлекеттик органдарга пландык иш-чараларды актуалдаштыруу, бюджетти түзүү жана оюндарды эл аралык аренада илгерилетүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди",- деп айтылат маалыматта.