Бүгүн, 3-июнга карата өлкө боюнча мектепке кабыл алынгандардын саны 127 миңге жетти. Бул тууралуу мектепке электрондук каттоо жүргүзгөн сайтта жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпы 289 миң 772 орун бар, анын ичинен 127 миң 734 бала каттоодон өткөн. Катталгандардын ичинен 1748ине жеңилдиктер бар.
Ал эми Бишкек шаары боюнча 1-2-класска жалпы 22 миң 995 окуучу катталып, учурда 7556 орун бош экенин байкоого болот.
Эске салсак, кечээ, 2-июнда мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталган.