Түркиянын түштүгүндө жер титирөө катталып, бир өспүрүм каза болду

Кечээ, 2-июнда Түркиянын Мугла облусунун Мармарис шаарында 5.8 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө аймактагы башка шаарларда да сезилди. Учурда облустун губернаторунун координациясы менен Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан кырдаал толук иликтенип жатат.

Ички иштер министри билдиргендей, турак жай жайгашкан имараттарда кыйроо болгон жок. Бирок Фетхие шаарында 14 жаштагы Афранур Гүнлю аттуу кыз дүрбөлөң түшүүдөн улам ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан ал каза болду.

"Маркум Афранур Гүнлюнун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайбыз",- деди Али Ерликая.

Мындан тышкары, дүрбөлөңдө 69 адам бийиктиктен секирүүдөн улам жаракат алган. Алардын ичинен 14 жаранга медициналык жардам окуя болгон жерде көрсөтүлдү. 8 адам амбулатордук дарылоодон кийин үйлөрүнө чыгарылды. Калган 46 жарандын дарылануусу ооруканада уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан