"Беткапчан адамдар башыма тапанча такап, колумду кесишти" дейт 10 жашар бала  

"Беткапчан адамдар колумду кесип кетишти" деген баланын билдирүүсү жалган экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 2-июнда Сокулук районунун милиция бөлүмүнө белгисиз беткапчан адамдар баланын колун кескилеп кетишкени тууралуу кабар түшкөн. Бул факт райондук милиция бөлүмүндө каттоого алынып, алдын ала тергөө иштери башталган.

Текшерүүдө Сокулук айылынын Келечек көчөсүндө 2014-жылы туулган өспүрүм камыш аралап ойноп жатып, кайчы менен камышты кесип жатканда колун жаракаттап алганы аныкталган. Кан токтобогондуктан үйүнө келип, апасынан коркконунан "беткапчан адамдар колумду кесип кетишти" деп жалган айткан.

Өспүрүмдүн апасы, 1990-жылы туулган П.М. дагы бул маалыматты тастыктап, эч кимге дооматы жоктугун билдирген жана арыз жазуудан баш тарткан.

"Учурда материалдар текшерүүдө жана иликтөө жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.

"Беткапчан адамдар башыма тапанча такап, колумду кесишти" дейт 10 жашар бала
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан