UFC уюму кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулунун кийинки беттешин расмий түрдө ачыктады. Бул тууралуу UFC Eurasia расмий баракчасында жарыяланды.
Маалым болгондой, Оролбай уулунун кийинки беттеши 21-июнда Баку шаарында өтө турган UFC Fight Night: Hill vs Rountree Jr турниринин алкагында болот. Анда кыргыз мушкеринин атаандашы азербайжандык Тофик Мусаев болмокчу.
Белгилей кетсек, учурда Оролбай уулунун UFCде 2 жеңиши жана 1 жеңилүүсү бар. Акыркы жолу ал 2024-жылдын 26-октябрында польшалык Матеуш Ребецкиге жеңилип калган.