Түркиянын Бодрум шаарында 29 жаштагы кыргыз жараны Д.О. аттуу аял өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөнү үчүн тергөө иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, баланын убактылуу камкордугу энесине ыйгарылган болчу. Бирок прокурордун көрсөтмөсү менен бала 34 жаштагы атасы А.У.га өткөрүлүп берилди.
Окуя 29-майда болгон. Стамбул шаарында жашаган Д.О. ажырашуу процесси жүрүп жаткан жолдошу А.У. жашаган Бодрумга келген. Бир нече күн ошол эле үйдө жашаган жубайлардын ортосунда уруштар болуп турганы айтылууда. Бул аралыкта Д.О. баласына карата катуу жана агрессивдүү мамиле кылганы маалымдалган.
31-майда А.У. Бодрум райондук прокуратурасына кайрылып, аялына каршы арыз жазган. Өзүнүн көрсөтмөсүндө аялынын жүрүм-туруму акылга сыйбаганын, баласын кээде тиштеп, уруп-согуп жатканын билдирген.
Д.О. кармалып, сурак учурунда баланын колун тиштебегенин айткан, бирок анын бетине жана оозуна урганын моюнуна алган. Наристенин денесиндеги жаракаттар боюнча медициналык корутунду алынган.
Прокурордун көрсөтмөсү менен аялдын акыл-эс саламаттыгын аныктоо үчүн расмий медициналык корутунду даярдоо тапшырылды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.