АКШда бензинди абадан жасаган техника ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.
Маалым болгондой, стартап иштеп чыккан жаңы технология атмосферадагы көмүр кычкыл газын соруп алып, аны бензинге айландырат. Ал эми алынган бензиндин сапаты АИ-95тен жогору. Аны кадимки автоунааларга дароо куюп колдонсо болот жана кошумча өзгөртүүнү талап кылбайт.
Учурда жогорудагы аппарат кадимкидей иштеп жатат. Келечекте мындай техниканы үйлөргө орнотуп колдонууга мүмкүн экени айтылууда.
"Бул жаңылык мунайдан баш тартууга түрткү бербейт. Болгону атмосфераны тазалап, ошол эле учурда транспорт үчүн “жашыл” отун өндүрүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк берип жатат",- деп айтылат маалыматта.