Казакстанда аскердик кызмат өтөгөндөр ЖОЖдо бекер окууга сертификат алышты

Кечээ, 2-июнда Казакстанда кызмат учурунда өздөрүн мыкты көрсөткөн жоокерлерге жогорку билим алуу үчүн сертификаттар берилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сертификат 2024-жылдын жазында аскерге чакырылган 22 жоокерге берилген.

"Куралдуу күчтөрдүн, Мамлекеттик күзөт кызматтарынын, ӨКМдин, Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын бөлүктөрүндө кызмат өтөп бүткөн 17 500дөн ашык жоокер сынакка катышты. Айрымдарынын аскердик окуу жайларга тапшырууну чечишкени мени кубантат",- деп билдирген Казакстандын коргоо министринин орун басары Шайх-Хасан Жазыкбаев.

Белгилүү болгондой, коңшу өлкөнүн бул программасы аскердик кызматын өтөп бүткөн жарандарга ЖОЖдордо бекер билим алууга шарт түзөт. Программада жоокерлер Жалпы улуттук тестирлөөдөн өтпөй эле бюджеттик негизде ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат, ай сайын стипендия жана жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле аскердик кафедрага сынаксыз кабыл алынышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан