Крымда парашют менен учуп бара жаткан кыз коопсуздук курун чечип жиберип каза болду

Карадагдын белгилүү туристтик шаары Будвада 19 жаштагы сербиялык студент Тияна Радоньич парасейлинг (деңиз парашюту) учурунда каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал 50 метр бийиктикте учуп бара жатып дүрбөлөңгө түшүп, коопсуздук курун чечип жиберген. Жаш кыз Адриатика деңизине кулап түшүп, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумду.

Күбөлөрдүн айтымында, Тияна абада "Мени түшүргүлө!" деп кыйкырып, тынчсызданганы байкалган. Сербиялык кыз иш-чарага туристтик агенттиктердин жарнамалык видеосуна тартылуу үчүн акысыз катышкан.

Окуядан кийин тергөө иштери башталып, өз жанын кыюу ыктымалдыгы да каралууда. Бирок маркумдун үй-бүлөсү жана жакындары анын мындай ниети болбогонун билдиришүүдө.

Парасейлинг кызматын көрсөткөн компания жабдуулар текшерүүдөн өткөнүн, Тияна учууга чейин өзүн шайыр жана тынч алып жүргөнүн билдирди.

Каза болуунун так себеби медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Техникалык экспертизалар уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан