"Майкампа" ЖЧКсы 49 пайыз үлүшүн мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы "Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза" ААКсынын (азыркы "Майкампа" ЖЧКсы) менчигиндеги мурдагы мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз алып коюу фактысы аныкталган.
"1991-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү активдүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу "Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза" ААКсынын үлүшү ошол кездеги мыйзамдарды бузуу менен жеке жактар тарабынан арзандатылган баада сатылып кеткен",- деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, бөлүнгөн үлүш Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансына өткөрүлдү.