Грецияда 15 жылда 20 миң дарыгер өлкөдөн чыгып кетти

Грецияда 2010-жылдан бери 20 миңден ашуун дарыгер өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу грек басылмалары жарыялашты.

Аталган өлкөдө экономикалык кризис күчөй баштаган бери, тагыраагы, аз айлык акы, ашыкча жумуш жүгү, персоналдын жетишсиздиги жана экономикалык туруксуздук сыяктуу себептерден улам көптөгөн дарыгерлер чет өлкөгө кетип калышкан.

Маалым болгондой, мамлекеттик ооруканада иштеген жаш дарыгерлердин айлыгы айына 1500 еврого жетпейт, ал эми алардын жумалык жумуш сааты 65 сааттан ашат. Чет мамлекетке кеткен дарыгерлердин көпчүлүгүн 25 жаштан 44 жашка чейинки жаш адистер түзүшөт. Бул абал медицина кызматтарынын сапатына терс таасирин тийгизип, өлкөнүн өндүрүшкө жөндөмдүү калкынын кыскарышына алып келери айтылууда.

Ал эми грек дарыгерлери эң көп тандаган өлкөлөрдүн катарына Улуу Британия, Германия, Франция, Кипр, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан