АКШ Сириядагы үч аскердик базасын жапты

АКШ Сириядагы аскердик катышуусун азайтуу максатында үч аскердик базанын ишин токтотту. Бул тууралуу Fox News телеканалынын кабарчысы Дженнифер Гриффин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу америкалык расмий булактарга шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы бир нече жуманын ичинде өлкөдөн 500дөй америкалык аскер чыгарылды. Жабылган же өткөрүлүп берилген базалар төмөнкүлөр:

  • Mission Support Site Green Village - толугу менен жабылды.
  • Mission Support Site Euphrates - күрддөрдүн “Сирия Демократиялык күчтөрүнүн” карамагына өткөрүлдү.
  • Үчүнчү, чакан аскердик база да бошотулуп, америкалык күчтөр чыгып кетти.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) буга чейин апрель айында билдиргендей, Сириядагы аскерлердин санын 1000ден төмөн деңгээлге түшүрүүнү пландаштырган. Ошол эле маалда Пентагон өлкөдө калган "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүнө каршы аба соккуларын уланта берерин билдирди.

"АКШ Ислам мамлекети уюмуна каршы күрөшүндө, айрыкча 2019-жылдагы аймактык жеңишинен кийин, чоң ийгиликке жетишти. Ушуга байланыштуу Коргоо министрлиги Сириядагы америкалык күчтөрдү бириктирип, тандалган аймактарга топтоону тапшырды,"- деди Пентагондун башкы басма сөз катчысы Шон Парнелл.

Бирок Сириянын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында Ислам мамлекети дагы деле аракеттенүүдө. Сирия менен Иракта 2500дөн ашуун согушкери бар экени айтылууда. Ал-Хол жана Ал-Рож лагеринде уюм менен байланышы бар он миңдеген качкындар жашап жатышат.

АКШ бул кыскартуу менен бирге "Inherent Resolve" операциясынын алкагында Сириядагы калган күчтөрдү оптимизациялап, Ислам мамлекетине каршы күрөштү тандама ыкма менен улантарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан