Сауд Арабиясы ажылык эрежелерин бузган 75 миңден ашуун адамды өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сауд Арабиясынын расмий маалымат агенттиги SPAнын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигине караштуу Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мухаммед аль-Бассами Меккеде маалымат жыйын өткөргөн. Анын айтымында, 270 миңге жакын адамдын ажылык визасы жок болгонуна байланыштуу Меккеге кирүүгө уруксат берилген эмес. Ал эми 75 943 адам ажылык эрежелерин бузганы үчүн кайра артка жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары, Бассами 252 жасалма ажылык компаниясы жана 109 миңден ашуун уруксатсыз унаа аныкталганын кошумчалаган.
Маалым болгондой, бийлик өкүлдөрү быйылкы ажылык маалында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн учкучсуз дрондор, жасалма интеллектке негизделген талдоо системи жана байкоо камералары сыяктуу заманбап технологияларды колдонуп жатканын билдиришет. Ошондой эле быйыл биринчи жолу "Сакр" аттуу атайын өрт өчүрүү жана куткаруу дрондору колдонуларын маалымдалган.
Ал эми Паспорт кызматынын башчысы Салих аль-Мурабба быйыл ажылык маалында чет өлкөлөрдөн 1 миллион 475 миңден ашуун зыяратчынын келгенин билдирген.