Үзүр Жусупбеков дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү. Бул Бириккен күрөш уюму (UWW) расмий дүйнөлүк рейтингин жаңылагандан кийин белгилүү болду.

Уюм Монголияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгына ылайык жаңыланган таблицаны жарыялады.

Үзүр Жусупбеков Улан-Батор шаарындагы мелдеште алтын медаль утуп, максималдуу рейтингдик упайларды топтогон. Анын натыйжасында ал 97 килограмм салмак категориясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү. Бул кыргыз балбанынын Париждеги Олимпиададан кийинки биринчи беттеши болчу. Ал Олимпиадада 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгону белгилүү.

Монголиядагы турнирде алтын медалга ээ болгон Раззак Бейшекеев болсо жаңыланган рейтингде 7-орунга чыкты.

Ал эми Асан Жанышов Монголиядагы жеңишинен кийин 26-орунга көтөрүлдү.

Учурда кыргызстандык балбандардын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө Жоламан Шаршенбеков ээ. Ал 60 килограмм салмак боюнча дүйнөлүк рейтингде 4-орунду сактап турат. Белгилей кетсек, Шаршенбеков Париж Олимпиадасынан кийин килем үстүнө чыга элек.

Ошондой эле 77 килограмм салмак боюнча Акжол Махмудов 7-орунда болсо, 67 килограмм салмак менен Амантур Исмаилов 8-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан