Пакистанда түрмөдөн 200дөн ашуун туткун качып кетти (видео)

Пакистандын Карачи шаарындагы Малир түрмөсүнөн жер титирөөдөн улам эвакуациялоо учурунда кеминде 216 туткун качып кетти. Бул тууралуу Geo News телеканалы кабарлады.

"Ал кезде 600дөн ашуун адам камераларынын сыртында болгон. Баш аламандыктан улам алардын 216сы негизги дарбаза аркылуу качып кетүүгө үлгүргөн", - деп келтирет телеканал түрмөнүн башчысы Аршад Шахтын сөзүн.

Шах 80дей качкын кармалганын, калгандарын издөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Окуя учурунда Чек ара кызматынын үч кызматкери жана абактын бир кызматкери жарадар болуп, бир туткун каза болгон.

түрмө
түрмө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан