Бүгүн, 3-июнь күнү Ошто өтүп жаткан туристтик фестивалдын алкагында "Көчмөндөрдүн изи менен" аттуу эл аралык туристтик форум өттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, БУУнун жана ЕККУнун Бишкектеги кеңселеринин жетекчилери, ошондой эле Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген делегациялар катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош облусу менен Өзбекстандын Навои облусу жана Казакстандын Түркстан облусунун ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташуу келишимдерине кол коюлду.