MegaPay аркылуу мектепке электрондук каттоо: экинчи этап башталды

Узун кезектер, кагаздар менен убаракерчиликтер жана үйүлгөн документтер менен мекемелерге баруу зарылдыгы тууралуу унутуӊуз. Эми мектепке каттоо процесси мурдагыдан да тезирээк, оӊой жана ыңгайлуу болуп калды.

Электрондук каттоонун экинчи этабы башталды, сиз MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу үйүңүздөн чыкпай эле бир нече мүнөттүн ичинде бардыгын бүтүрө аласыз.

Өтүнмөнү кантип тапшырса болот?

1. MegaPay колдонмосун жүктөӊүз же жаңылаӊыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү).

2. «Сервистер» бөлүмүнө өтүп, андан кийин «Билим берүү» категориясын тандаңыз.

3. «Мектепке электрондук каттоону» ачып, «Андан кийин» баскычын басыңыз. Баракчада ЖААКта сизге катталган балдардын тизмеси көрсөтүлөт.

4. Мектепке каттоону пландап жаткан балаӊызды тандаңыз.

5. Окутууну пландаган облусту жана районду/шаарды көрсөтүңүз.

6. Тизмеден ылайыктуу мектепти жана каалаган окутуу тилин тандаңыз.

7. «Каттоо» баскычын басыңыз. Ийгиликтүү каттоодон кийин, экранда «Катталды» билдирүүсү чыгат – баары даяр!

Тизмеде бош орундар жок мектептер да көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгерде мектеп активдүү эмес болсо жана аны тандоо мүмкүн болбосо, демек ага кабыл алуу аяктаганын билдирет.

Сервис Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан жана Кыргызстандын бардык аймагында жеткиликтүү, бул айрыкча алыскы аймактардын жашоочулары үчүн ыңгайлуу.

Эмне үчүн ыңгайлуу?

Электрондук каттоо – бул жөн гана техникалык жаңылык эмес. Бул билим берүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагындагы чыныгы бурулуш.

Ата-энелер эми:

• мектепке каттоону стресссиз пландаштыра алышат;

• ыңгайлуу убакта – 24/7, дем алышсыз каттай алышат;

• бардыгы расмий түрдө жана катасыз таризделгенине ишене алышат.

MegaPay – сиздин күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан