Коомдук транспортто одоно тартип бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөккөн киши аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Бишкектин Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милиция 30-май күнү социалдык тармактарда белгисиз жаран коомдук транспортто оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, башка жарандардын тынчын алган видео тараары менен тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Натыйжада 36 жаштагы киши аныкталып, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Бирок жогорудагы жаранга чара көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал Республикалык психиатрия жана наркология борборунда көзөмөлдө турган жаран экендиги жана дарыланып жүргөндүгү такталган.
Райондук милиция жыйынтыгында ал дарыгерлерге өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.