Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында жайгашкан "Урочище Сухой-Хребет" көл жээгиндеги 57 гектар жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аталган жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгенин белгиледи.
Ошондой эле УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.