Өзбекстандын Вабкент районунун соту Орусиянын Санкт-Петербург шаарында чогуу жашаган жердешин өлтүргөн деген негизде өзбекстандык жигитти 11 жылга эркинен ажыратты.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, кылмыш былтыр декабрь айында Санкт-Петербургдун Седова көчөсүндөгү батирлердин биринде болгон. Анда 25 жаштагы мигрант 32 жаштагы жердеши менен чогуу жашаган. Чыр-чатак учурунда эркек аялдын бетин жаздык менен жаап, тумчуктуруп өлтүргөн. Андан соң ал кылмышты жашыруу үчүн сөөктү чемоданга катып, Берггольц көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө көмүп салган.
Шектүү маркумдун атынан анын тирүү экенин көрсөтүү үчүн аялдын туугандарына билдирүү жөнөткөн. Көп өтпөй ал Өзбекстанга келген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле өз мекенинде кармалып, күнөөсүн моюнуна алган.
Вабкент райондук соту аталган жаранды Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги колонияда 11 жылга эркинен ажыратты.