Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүндө 12 кабаттуу үйдү салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан үй алышкан жашоочулар катышты.
Алгач калаа башчысы Токторбаев турак жайдын ээлерин куттуктап, шаар тургундарын үй менен камсыздоо мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин белгиледи. Ошондой эле учурда муниципалдык ипотека компаниясы тарабынан шаарда 17 көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын, мунун алкагында жалпы үч миңден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болорун кошумчалады.
Мэр жана шаардык кеңештин төрагасы жаңы үйдүн ачкычтарын ээлерине тапшырышты. Турак үйдүн кызыл тасмасы кесилип, жашоого даяр шарттары менен берилген батирлерди көрүп, таанышып чыгышты.