Элдик Банк кредит рейтингин “Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлине ийгиликтүү көтөрүүгө жетишкен Кыргыз Республикасындагы биринчи банк болуп калды.
Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги «Элдик Банк» ААКнун улуттук жана чет өлкө валютасында «В-» деңгээлинен “Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлине чейин, Кыргыз Республикасынын суверендүү кредит рейтингинин деңгээлине - эмитенттин дефолтунун узак мөөнөттүү рейтингин (кредит рейтинги) жогорулатты.
Алып карасак, Элдик Банк Кыргызстандагы кредит рейтингин сактап жаткан эле эмес, жогорулатып жаткан дагы банк болуп калууда. Банк 2024-жылдын башында Fitch Ratings эл аралык агенттигинен “Туруктуу” болжол менен "В" деңгээлиндеги кредит рейтингин алганын белгилей кетебиз.
Рейтингди көтөрүү өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырып баратканын, Элдик Банктын системалык олуттуулугун жана зарыл учурда мамлекеттин банкты колдоо дараметин жана даярдыгын чагылдырат. Fitch Ratings тарабынан белгиленген негизги факторлор:
"Fitch рейтингинин жогорулашы - өлкөбүздүн банк секторунда Элдик Банктын ишенимдүү, динамикалуу өнүгүп келе жаткан катышуучу катары таанылышына тете. Бул Банктын командасынын мыкты уюштурулган ишинин, корпоративдик башкарууну чыңдоонун натыйжасы жана биздин туруктуу өнүгүү стратегиябызды дагы тастыктоодо. Биз кардарларыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана мамлекетибиздин бизге болгон ишенимине терең ыраазычылык билдиребиз", - деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев
Маалымат иретинде: Fitch Ratings алдыңкы үч эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири. Fitch рейтингдери дүйнө жүзү боюнча уюмдардын жана мамлекеттердин финансылык туруктуулугунун ишенимдүү көрсөткүчү катары таанылат.
КРУБ лиц. №033