"Түн уйкуну бузушат". Скутер менен мопеддердин ишин көзөмөлдөө маселеси каралды

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү скутер жана мопеддердин ишин көзөмөлдөө маселеси каралды. Бул тууралуу төрага Нурланбек Тургунбек уулу демилге көтөрдү.

Тургунбек уулу ички иштер министрин жана калаа башчысын баш аламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды. Төрага шаар тургундарынан арыздануулар түшүп жатканын билдирди.

"Бул боюнча шаар тургундарынан кайрылуулар түшүп жатат. Алар ар кандай авариялык абалдарга себепчи болуп жатышат. Өзгөчө жаш балдар, өспүрүмдөр себеп болууда. Ушунун баарын тез арада иретке келтирүү керек. Керек болсо үндөрүн жогорулатып шаар тургандарынын түн уйкусун, жол кыймылын бузуп жатышат. Аларда же номери жок экен, камераларга да түшпөйт. Айдаганга айдоочулук күбөлүгү да жок",- деди Тургунбек уулу.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы көптөгөн өлкөлөрдө бул боюнча катуу чаралар жана талаптар бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан