Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, ошондой эле энергетика, инвестициялык климатты жакшыртуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун олуттуу бөлүгү, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоону жүргүзүү аяктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти жана биргелешкен демилгелерди өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан