Орусияда 21 жаштагы студент Андрей Глухов Украинага акча которгондугу үчүн 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Глухов мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып, Волгоград облустук соту тарабынан өкүм чыгарылды. Өкүм 2025-жылдын 29-майында чыккан. Сот иши бир айга созулган.
Глухов Волгоград политехникалык колледжинин 2-курсунун студенти. Анын атасы Эдуард Глуховдун айтымында, күч органдары 2024-жылдын сентябрында алардын үйүнө тинтүү жүргүзүп, компьютердик техникаларды алып кетишкен. Баштапкы сурактан кийин баласын коё беришип, бирок бир ай өткөн соң, кайра кармашкан.
Анын айтымында, уулу Украина менен согушка каршы болгон. Ал интернет аркылуу өзүн украин катары тааныштырган адам менен таанышып калган. Ал адам эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү тездетүү үчүн кол тамгалар чогултулуп жатканын айтып, Украина банкындагы эсептин номерин жиберген. Глухов эсепке 3 миң рубль которгон.
Басылмалардын маалыматына караганда, Андрей Глухов бала кезинен майыптыгы бар, ал ДЦП менен жабыркайт.
"Оң колу жакшы иштебейт, басканда бутун сүйрөп басат",- дейт анын атасы.