Германиянын Кёльн шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жарылбай калган америкалык авиабомбалар табылганын чет элдик басылмалар жарыялашты.
Маалым болгондой, Дойц аймагындагы жерди изилдөө учурунда жарылбаган америкалык 3 авиабомба табылган. Алардын жарылуусун жана кооптуу заттарды жок кылуунун алдын алуу максатында бүгүн, 4-июнда Дойц жана Альтштадт райондорунан 20 500 адам убактылуу эвакуацияланат.
Авиабомбаларды 24 сааттын ичинде коопсуз абалга келтирүү пландалууда. Анын алкагында шаршемби күнү темир жол вокзалы, тарыхый Кёльн ратушасы, эки оорукана, эки карылар үйү, көптөгөн мектептер жана бала бакчалар эвакуацияланып, жабылган. Рейн дарыясы аркылуу өтүүчү үч көпүрөнүн кыймылы толугу менен токтотулду. Шаарда транспорттун иши бир күнгө токтоп, тыгындар жаралышы мүмкүн. Ал эми кырдаалдан улам Кёльндеги айрым ишканалар кызматкерлерине дем алыш күнүн жарыялаган.