АКШ болот жана алюминий импортундагы бажы төлөмдөрүн эки эсе жогорулатты

АКШ президенти Дональд Трамп болот жана алюминий импортундагы бажы төлөмдөрүн эки эсе жогорулаткан жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, эми төлөмдөр 25 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул боюнча Трамп жаңы бажы төлөмдөрү америкалык болот өндүрүшүнүн өсүшүнө шарт түзөрүн билдирген. Эксперттер жогорудагы төлөмдүн АКШдагы металл импорттоочу компанияларга жана аягында алардын продукциясын сатып алуучуларга терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда.

Эске салсак, болот жана алюминийге бажы төлөмдөрү Трамп тарабынан март айында жарыяланган жана апрелде күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан