Улуттук университетте заманбап 16 кабаттуу имарат курулат

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде заманбап 16 кабаттуу имарат курулат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.

Маалымдалгандай, имарат Манас проспектинде жайгашкан КУУнун №4 жатаканасынын ордуна курулат.

Жатаканага мамлекеттик органдар тарабынан үч жолу "жараксыз" деп тыянак чыгарылган. Ушул себептен улам жатакана 2012-жылдан бери пайдаланууга берилбей турган. Учурда КУУнун жатаканасынын эски имаратын бузуп, анын ордуна заманбап 16 кабаттуу көп функциялуу комплекс куруу пландалууда. Жаңы имарат заманбап стандарттарга жооп берип, студенттер үчүн кошумча окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Кыргыз улуттук университетинин №4 жатаканасынын ордуна заманбап 16 кабаттуу көп функционалдуу комплекс куруу пландалууда. Бул комплекс билим берүүчү дарсканалар, студенттер жана чет элдик окутуучулар үчүн жаткана, күн-түн иштеген китепкана, бала бакчаны камтыган жалпы аянты 16 000 чарчы метрден ашкан социалдык имарат болуп курулат”,- деп билдирди окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев.

Ал эми КУУнунун чарбалык иштери боюнча проректору Бактыбек Айтахуновдун айтымында, курулуштун жалпы наркы 1 миллиард 379 миллион 820 миң сомду түзөт. Анын ичинен 500 миллион сом университеттин өз каражаты болсо, калган сумма Өнүктүрүү фондунан алынат. Курулуштун мөөнөтү 1,5-2 жыл экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlan_86
2025-06-04 17:22:00
триллион эмес миллиард болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан