Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун 3 ирет уткан бразилиялык легендарлуу футболчу Пеле бүгүн, 13-январда ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде “Алтын топко” ээ болот. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
“Мен “Алтын топ” байгеси Европада ойногон футболчуларга тапшырылып жүргөн маалда 3 ирет Дүйнө чемпиондугун уткам. ФИФА мага бул сыйлыкты берүүнү чечиптир” деп билдирген Пеле.
Кошумчалай кетсек, “Алтын топ” байгеси 1956-жылдан бери тапшырылат. Бирок сыйлык көп убакыт бою Европанын лигаларында ойногон футболчуларга тапшырылып келген. Пеле болсо футболдун туу чокусуна бразилиялык “Сантос” аркылуу чыккан. Кийин гана америкалык “Нью-Йорк Космос” клубу менен келишим түзгөн.
Эске салсак, ФИФА жыл сайын “Мыкты футболчуну” аныктап, андан тышкары атайын сыйлык да карап келет. 2012-жылы ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин колунан атайын сыйлыкты Франц Беккенбауэр алган.
ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 13-январда Цюрихте Бишкек сааты боюнча 21:30да орун алат.