Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн балконунан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:29да Биринчи Май райондук өрт өчүрүү кызматынан 1 бөлүм тартылган, өрт саат 11:20да толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.