Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери чет элдик жарандан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал системалуу түрдө чет элдиктерден акча талап кылуу менен алектенип келген жана өлкө аймагындагы чет өлкөлүктөргө формалдуу эмес жардам көрсөтүп жүргөн.
Атайын кызматтын кызматкерлери шектүү делген милициянын подполковнигинин иш бөлмөсүн да тинтүүгө алып, жарылуучу граната жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттарды табышкан. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.