Нидерландыдагы зоопаркка келген кыз iPhone үлгүсүндөгү телефонун маймылдар кармалган жерге түшүрүп алган.
NEXTA.Live Telegram каналы ошол учурда маймылдар телефон менен жети видео тартууга үлгүрүшкөнүн жазат. Зоопарктын кызматкерлери телефонду маймылдардан алып, ээсине кайтарып беришкен. Гаджет катуу жабыркаган.
Маймылдар тарткан видеолорду кыз үйүнө кайтып келгенден кийин телефонун текшерип жатып таап алган. Аталган Telegram канал окуя качан болгонун так жазган эмес.
Кадрлардан маймылдардын телефондун экранын кызыгып карашканын көрүүгө болот. Ошондой эле алар смартфонду кармап алып чуркашкан.