Индиянын түштүгүндөгү Бангалор шаарындагы Чиннасвами стадионунда кеминде 11 адам тепсендиде калып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Миңдеген адамдар 18 жылдан бери биринчи жолу Индиянын Премьер-Лигасын жеңген "Royal Challengers Bengaluru" футбол клубунун оюнчуларын тосуп алуу үчүн стадионго чогулушкан. Иш-чараны полция көзөмөлдөөгө аракет кылган. Бирок күйөрмандардын көптүгүнөн кырдаалды башкара албай калган. Натыйжада иш-чара 10 мүнөттөн кийин үзгүлтүккө учураган. Полиция күч колдонууга аргасыз болгон.
Ондогон адамдар жабыркаганы айтылууда. Бир нече адамдын абалы оор. Социалдык тармактарда пайда болгон кадрлардан элдин дүрбөлөңгө түшкөнүн, ошондой эле элдин арасынан жаракат алгандарды алып чыгып жатышканын көрүүгө болот.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
"Бангалордогу кырсык чындап жүрөктү оорутту. Менин оюм ушул каргашалуу учурда жакындарын жоготкондордун бардыгында. Мен жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм", - деп жазылат өкмөт башчы кеңсесинин X социалдык тармагындагы баракчасында.