Министр Кулубаев Индияга иш сапары менен барат

5-6-июнь күндөрү тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министр ал жакта өтө турган “Индия-Борбордук Азия” диалогунун 4-министрлер жыйынына катышат.

Иш-чаранын алкагында региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Индия – Борбордук Азия” бизнес форуму да өтөт.

Жыйында Индия менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы байланыш, аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана технология маселелерин талкуулоо пландалууда.

"Сапардын алкагында ТИМ башчысынын Индиянын тышкы иштер министри менен, ошондой эле индиялык тараптын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган", - деп билдирди мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан