2025-жылы Кыргызстан Cost of Living Index by Country рейтингинде жашоо кымбаттыгы боюнча 121-орунду ээледи. Бул тууралуу шаарлар жана өлкөлөр боюнча дүйнөдөгү эң чоң маалымат базасы болгон Numbeo платформасы жарыялады.
Изилдөөгө жалпы 139 өлкө катышып, анда жашоо кымбаттыгынын индекси эсептелген. Адистер ар түрдүү мамлекеттерде жашоо канчалык кымбат экенин салыштырышкан.
Бул рейтингди түзүүдө товарлар менен кызматтардын баасы, турак жай ижарасы, коммуналдык кызматтар, тамак-аш, ресторандардагы баалар жана жергиликтүү элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү эске алынган. Бардык сандар Нью-Йорк шаарындагы жашоо деңгээли менен салыштырылган. Рейтингде алдыңкы ондуктагы өлкөлөрдө жашоо эң кымбат, ал эми акыркы саптагы өлкөлөрдө эң арзан экени көрсөтүлгөн.
Кыргызстан жашоо арзан өлкөлөрдүн катарына кирди.
Коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан бул рейтингде 127-орунду ээлесе, Казакстан 114-орунда. Ал эми Орусия 132-орунду ээлесе, Армения 63-орунда жайгашкан. Тажикстан менен Түркмөнстан бул рейтингге кирген эмес.
Рейтингдин жыйынтыгы боюнча дүйнөдө жашоо эң кымбат болгон өлкөлөрдү америкалык Виргин аралдары, Швейцария, Исландия, Багам аралдары жана Сингапур толуктаса, жашоо эң арзан мамлекеттерге Ооганстан, Индия, Египет, Ливия жана Пакистан кирген.