Израиль армиясы Газанын түндүк жагынан күч менен түштүккө көчүрүлгөн палестиналыктарга үйлөрүнө кайтып барбоону эскертти. Бул тууралуу Израиль армиясынын өкүлү Авихай Адрае X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Маалымдалгандай, Газанын түндүк бөлүгү – Бейт-Лахия, Бейт-Ханун, Жабалия жана анын айланасындагы, картада кызыл түс менен белгиленген райондорго кайтууга болбойт.
Израиль армиясы буга чейин Газа тилкесин туруктуу түрдө басып алуу максатында масштабдуу аскердик операция баштаганын жарыялаган.
Учурда Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү "жыйноо лагерлерине" палестиналыктарды көчүрүү үчүн кайра-кайра эвакуация буйруктарын таратып жатат.
Эске салсак, БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Израилдин чабуулунан улам Газанын түндүгүндө бир да оорукана калбай калганын жана соңку үч жумада 100 миңден ашуун палестиналык тургун күч менен жер которууга мажбур болгонун айткан.