Ош мамлекеттик университетинде алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 30-майда операция аталган окуу жайдын медициналык клиникасында болгон. Анда Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияевага операция жасалып, ага иниси донор катары бөйрөгүн берген.
Окуу жайдан билдиришкендей, операциядан кийин бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Ушул тапта алар адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантышууда. Жасалып жаткан операция бейтап үчүн акысыз болду. Төрт саатка созулган операцияны окуу жайдын дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Орусиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасады.
Операциянын өзгөчөлүгү - донордон органдын лазердик ыкма аркылуу, кошумча хирургиялык кесүүсүз алынганы. Бул ыкманы ОшМУнун хирургу Кахраман Халбаев колдонду. Анын айтымында, мындай ыкма бейтаптын да, донордун да организмине аз өлчөмдө зыян келтирет.
Бексултан Сейитбек уулу буга чейин Орусияда жана Түркияда окуп, 150дөн ашуун орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Эми ОшМУнун клиникасында бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай баштады.
Буга чейин өкмөт орган жана адам ткандарын трансплантациялоо тартибин жөнгө салган жобону бекиткен. Ага ылайык, өлкөдөгү төрт медициналык уюмга уруксат берилсе, ОшМУнун медициналык клиникасы тизмеге кирген окуу жайлардын алдындагы жалгыз борбор болуп саналат.