17 жаштагы Гульмира Коновалова дайынсыз жоголуп, изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июнда милицияга анын жакындары кайрылган. Гульмира Сокулук районунун Кожомкул айылынын Фрунзе 174 дарегинде жайгашкан үйүнөн 26-май күнү чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Бул факт Сокулук РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, көздөрү көк.
Кийген кийими: кызгылт көк түстөгү футболка, көк жинсы шым, ак кроссовка.
Эгер жогорудагы жарандын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0312 607567, 03134 53380 (дежурный бөлүм) же 0558 861486.