Бишкекте 17 жаштагы Бермет дайынсыз болууда

Бишкекте 17 жаштагы Бермет Тагаева аттуу кыз изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын апасы 4-июнда милицияга кайрылды. Бермет 3-июнда саат 23:00 чамасында Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, узун, келбети арыкчырай.
Кийген кийими: кара спорттук шым, ак кроссовка, толстовка.

Жогорудагы өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылышса болот: 0 (312) 43-28-15, 0 (500) 43-28-15, 0 (555) 102-777 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан