7-8-июнь күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-июнда кабарлады.
Маалыматка ылайык, аба температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ бул күнү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууга чакырат.