"Ыраазычылыгыбыз чексиз!". Аслан дүйнөдөгү эң кымбат Золгенсма уколун алды (видео)

Жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап келген Аслан Дубайда 170 миллион сомдук золгенсма уколун алды. Бул тууралуу анын атасы социалдык тармактагы баракчасында билдирип, видео бөлүштү.

"Арапа күнүңүздөр берекелүү болсун! Эртеңки Курман айт майрамыңыздар менен! Биздин үй-бүлөнүн ыраазычылыгы сиздерге чексиз. Сиздердин жардамыңыздар менен, Кудайдын жардамы менен буюрса балам золгенсма уколун алды. Жардам бергендердин баарына чоң ыраазычылык билдирем. Буюрса, баламдын чуркап кетишине үмүтүбүз чоң", - деди ал.

Белгилей кетсек, алдыда СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза, Байхан аттуу наристелердин дагы аталган уколду алары күтүлүүдө.

Аслан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан