ЖРТнын жыйынтыгы кыргыз тили боюнча сынак тапшыргандан кийин гана берилет

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттер боюнча жыйынтыгы бүтүрүүчү мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган учурда гана берилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим министрликтин 2024-жылдын 7-февралындагы буйругуна ылайык кабыл алынды. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт.

Ошондой эле министрлик мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайларга тапшырууда эч кандай таасир этпей турганын кошумчалады.

"Эгерде кандайдыр бир себептер менен ЖРТнын 1-2-этабында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылбай калган болсо, анда аны ЖРТнын 3-этабында Бишкек жана Ош шаарларында гана 2025-жылдын 21-июнунда тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. ЖРТга каттоо же кошумча каттоо 2025-жылдын 10-июнунан 18-июнуна чейин Бишкек шаарындага Аалы Токомбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ош шаарында Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлѳт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, быйыл май айында ЖРТны тапшырган абитуриенттердин 179у мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан