Бишкекте айдоочу аяды телескоптук дубинка менен коркутуп, сөгүнгөн жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 3-июнь күнү саат 20:45 чамасында Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Видеодон көрүнгөндөй, аял киши Ахунбаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө түндүк тарапка бурулуп бара жаткан. Анын алдында токтоп турган унаа жолун улантпай туруп калгандыктан, ага сигнал берген. Бирок буга жооп катары алдыдагы унаанын айдоочусу катуу кыйкырып, сөгүнгөн.
Андан соң Садырбаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде кууп жетип, аялдын унаасын токтоткон. Унаадан түшкөндөн кийин телескоптук дубинка менен коркуткан.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда, айдоочунун өздүгү аныкталып жатат.
"Эгер видеодо көрсөтүлгөн айдоочунун ким экенин билсеңиздер же анын өздүгүн аныктоого жардам бере турган башка маалыматтарыңыз болсо 0708 731 173, 0707 228 605 телефондору аркылуу милицияга кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.