Депутаттык мандат алган Табылды Муратбековдун өмүр баяны

Бүгүн, 5-июнда парламенттеги "Ыйман Нуру" фракциясына жаңы депутат кошулду. Мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна Табылды Муратбеков депутаттык мандатка ээ болду.

Табылды Муратбеков 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Ал 2012-2016-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде билим алган. 2017-жылы Кытайдагы Синь-Цзян педагогикалык окуу жайынын аймактык саясат бөлүмүн бүтүргөн. Үй-бүлөлүү. Бир кыздын атасы.

Эмгек жолу:

  • 2013 -Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун "Студенттер илимий коомунун" төрагасы;
  • 2014 - Work and Travel USA программасына катышып, Америка Кошмо Штатында тажрыйба топтоп келген;
  • 2015-2016 - Кыргыз улуттук университетинин "Инсандык өнүгүү" студенттик клубунун негиздөөчүсү жана төрагасы;
  • 2020-2021 - өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
  • 2021-2022- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдында башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте кызматкер;
  • 2023-2024- Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө сектор башчысы;
  • 2024-жылдан бери Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Сыйлыктары:

2014 - "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө - эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи" аттуу сынакта 1-орун. Сынак Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган.

2013 - "ИИМОПтогу илим жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү фактору катары" темасындагы мыкты доклад үчүн грамота.

2012 - Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева менен ачык дипломатиялык модуль. Билим берүү жана жаштар саясаты боюнча мыкты суроо үчүн грамота.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан