Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук курамдын XIV спартакиадасы башталды

Бүгүн, 13-январда Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер курамынын факультеттер аралык XIV спартакиадасы башталды. Бул иш-чара окуу жайдын дене тарбия кафедрасы менен “Намыс” спорт клубу тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – окутуучулар ортосундагы достук мамилени чыңдоо, алардын дени сак жашоосуна шарт түзүү жана  спортту өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең менен спартакиаданын расмий ачылышы болуп, ага бардык факультеттер менен структуралык бөлүмдөрдүн спортчулары жана окуу жайдын жетекчилиги катышты. Буга чейин мелдешке катышууга ондон ашуун команда арыз берип, бүгүн-эртең спорттун волейбол түрү боюнча мелдешишет.

Белгилей кетсек, спартакиада 23-январга чейин спорттун жети түрү боюнча өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан