Уруш чыгарды делген автобустун айдоочусу милиция бөлүмүнө жеткирилди (видео)

Уруш чыгарды делген коомдук транспорттун айдоочусу милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Башкармалык жарандардан жол эрежесин бузуу менен бирге башка кишилер менен урушуп жаткан автобустун айдоочусуна чара көрүү боюнча маалымат келип түшкөнүн белгиледи.

Аталган айдоочу аныкталып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн тийиштүү айып пул салынып, айдоочунун өзү андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Аламүдүн РИИБине жеткирилди.

05.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан